МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 88 Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 5-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 5-пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Жумушчу топтун жетекчиси Б.С. Кадыровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш,  2017-жылдын 14-апрели

№ 88

Карап чыгуулар: (1376)