МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 8 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 7-декабрындагы № 3/38 буйругу менен Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Артыкбаев өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 10-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  •  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
  •  

     

          ТӨРАГАНЫН

          ОРУН БАСАРЫ                                                         А. ШАЙЫМКУЛОВА 

     

     

      Бишкек ш., 2016-жылдын 22-январы

      № 8

    Карап чыгуулар: (1434)