МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 8 Чүй облусунун Москва, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 19-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун, 10-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобого, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, Э.А.Рыскелдиевдин, А.Ш.Осмоналиеванын, А.Т.Шайлозовдун, К.М.Эркебаеванын, А.А.Байгуловдун А.О.Буларкиевдин, М.Ф.Алымбековдун, О.Тойгонбаеванын, А.Б.Рысбекованын, Иманбек уулу Мидиндин, А.С. Сабырбаевдин арыздарынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын жана Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштарынын, «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын региондук бөлүмүнүн жыйналышынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Рыскелдиев Эстебес Асанкулович (комиссиянын төрагасы), Орлова Ольга Анатольена чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Полотова Салима Абитаевна киргизилсин;

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Осмоналиева Анипа Шаршенбиевна чыгарылсын;

2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Туран» демократиялык партиясы» саясий партиясынан Шайлозов Акылбек Турдубекович (комиссиянын төрагасы) чыгарылсын;

- резервдин курамына «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Турумбеков Максат Бейшенбекович киргизилсин;

- резервден комиссиянын курамына «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Турумбеков Максат Бейшенбекович киргизилсин.

3. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жунусов Каныбек чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Маметов Ысабек Алтымышович киргизилсин;

- комиссиянын резервинен «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынан Эркебаева Каленбүбү Мойдуновна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Байгулов Алымкул Аскарович чыгарылсын;

4. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын: «Ар-Намыс» саясий партиясынан Буларкиев Абданбек Осмоналиевич; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Алымбеков Мирлан Фронтбекович (комиссиянын төрагасы), Тойгонбаева Оронбүбү;

- резервден комиссиянын курамына «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кушубакова Чолпон Бешколбековна киргизилсин;

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Рысбекова Айнура Болотовна, Иманбек уулу Мидин чыгарылсын.

5. Ысык-Көл облуснун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сабырбаев Ариф Сабырбаевич чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Бектенов Рысбек Ишенбаевич киргизилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

 Бишкек ш., 2013-жылдын 19-январы

 № 8

 

Карап чыгуулар: (1600)