МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 94 2016-жылдын 22–апрелинде жана 2-майында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 67 токтому менен 2016-жылдын 22-апрелине дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна; 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 80 токтому менен 2016-жылдын 2-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча Жети-Өгүз жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Касымов Батырбек Канатбекович табылсын.

2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алыкулов Шергазы Мухтарович табылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге  жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                      Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 6 - майы

№ 94

Карап чыгуулар: (1666)