![]() № 97 2016-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 67 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2016-жылдын 15-майында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу, 2 шайлоо участогу түзүлгөн. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7- беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын. 2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет). 4. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2016-жылдын 24 - майы № 97 |
Карап чыгуулар: (1155) |