МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 97 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын  12-апрелиндеги № 260 буйругу менен Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Далиев Уланбек Эшенович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган.

 “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 12-майына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.  

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 24-апрели

№ 97

Карап чыгуулар: (1265)