МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 97 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө” Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1–бөлүгүнүн 2-пунктуна, 9-беренесинин 3,4-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы №23 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.

1) II бөлүмдүн 2.1.-пункту  төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын.

“Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалары шайлоону, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүү маселелерди тийешелүү аймактардагы атайын өкүлдөр менен макулдашат, ошондой эле чыгымдардын бекитилген сметасын аймактык шайлоо комиссиясында илинишин камсыз кылат;”

2) III бөлүктүн 3.1.пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

 “республикалык бюджеттен шайлоо жана референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз чыгымдалышы үчүн аймактык шайлоо комиссиясы менен бирге, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жоопкерчиликти тартат.”

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

         ТӨРАГА                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 97

 

2015-жылдын 28-июлунда жарыяланды  

Карап чыгуулар: (1885)