![]() № 98 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 86 буйругу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Умарова Гулнара Акжоловна, Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттарынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги ага ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү № 2 токтомдун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 15-майына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн. 2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 26-апрели № 98 |
Карап чыгуулар: (952) |