МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 98 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 4,7-бөлүктөрүн, 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацын, 7-бөлүгүн, 31-беренесинин 5,6-бөлүктөрүн, 35-беренесинин 5-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарын жетекчиликке алып, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочулардын өзүлөрү жөнүндө маалыматтар менен таанышуу жана добуш берүүнү өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таанышуу жана тактоо үчүн шайлоочулардын тизмесинин формасы бекитилсин (1-тиркеме).

2. Добуш берүү үчүн шайлоочулардын биротоло тизмесинин формасы бекитилсин  (2-тиркеме).

3. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 260 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г. Джурабаевага жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                                Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 31-июлу,

№ 98

 

2015-жылдын 31-июлунда жарыяланды

Карап чыгуулар: (1945)