МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 99 2015-жылдын 29-июлунда өткөн Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы №73 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоодо Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын 3/2си катышпагандыгына байлыныштуу шайлоо болбой калган.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону бирге өткөрүүгө техникалык жактан мүмкүнчүлүктөр болбогондугуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын таркатуу боюнча сунушту киргизүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аяктаганга чейин калтырылсын.

2. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындоо маселесин чечүү боюнча кат Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

  

 ТӨРАГА                                                                Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2015-жылдын 31-июлу

№ 99

 

2015-жылдын 31-июлунда жарыяланды

Карап чыгуулар: (1633)