МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№99 2016-жылдын 15-майындагы Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 14-мартындагы № 57 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 15-майында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Мырза-Аке айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 4 шайлоо округу жана 7 шайлоо участогу, Араван районунун Нурабад айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу, Тепе-Коргон айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 5 шайлоо округу жана 8 шайлоо участогу түзүлгөн.

Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Өзгөн, Араван аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет).

4. Өзгөн жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 24-майы

№99

Карап чыгуулар: (1507)