![]() Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө жобо |
ЖОБО «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» I. Жобонун негиздери II. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоонун тартиби III. Шайлоону уюштуруу IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби V. Шаардын мэрин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана аны жарыялоо тартиби V I. Шаардын мэрин кайрадан шайлоо VII. Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепети VIII. Шайланган шаардын мэринин кызматына киришиши IX. Шаардын мэрин шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына жана жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу, маселелерди жөнгө салуу X. Бул Жободо каралган, эсептердин тартиби
I. Негизги жоболор 1. Бул Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана шаар мэрин шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт. Шаар мэрин шайлоо “Жергиликтүү өз алдынча бащкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары жана ушул Жобо менен жөнгө салынат. 2. Шаардын мэри тиешелүү шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан анын сессиясынын чакырылыш мөөнөтүнө карата жашырын добуш берүү жолу менен шайланат. 3. Шаардын мэрине талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу. 4.Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес иш-стажысы бар, же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү уюмдарда, мекемелерде жана чарба жүргүзүүчү субьектилерде жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес иш-стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт. 5. Шаардын мэрин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйыны өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен дайындалат. Эгерде шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошогон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт. Эгерде шаардын мэри ээлеген кызматынан шаардык кеңештин чакырылыш мөөнөтү бүтөөрүнө 90 күн калганда бошосо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаар мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйыны өткөнгө чейин дайындалбайт. 6. Шаар мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында шаар мэрин шайлоону өткөрүүнү жана даярдык көрүүнү кординациялоону жүргүзүшөт. 8. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардын мэрин шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу. II. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоонун тартиби 9. Шаардын мэринин башчысына талапкерди каттоо үчүн шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттар фракциясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 1) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими; 2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы; 3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары; 4) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин, бул жобонун I бөлүмүндөгү 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш-стажысы бар экендигин тастыктаган, документтер; 5) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкердин соттолбогондугун же мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу соттун чечими менен алынып салынгандыгы же жоюлгандыгы тууралуу справка; 10. Тийиштүү шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүү тартибин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы катталган же катталбаган талапкерлер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына дароо кабарлайт. 11. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, талапкерди жылдырган Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ылайык келбөөчүлүк туурасында маалымдоого милдеттүү. Талапкерди шаардын мэрине көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, маалыматты алган учурдан тартып, 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. 12. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. 13. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот: 1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык; 2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги; 4) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субьектилер тарабынан (шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II бөлүмүнүн 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербөө; 14. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. 15. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде шаардын мэрин шайлоону уюштурат. 16. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. 17. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутатттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. 18. Эгерде добуш берүү күнүнө чейин бир дагы талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, бул Жобонун VI бөлүмүнө ылайык кайра шайлоо дайындалат жана өткөрүлөт. III. Шайлоону уюштуруу 19. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин жана формасын жана тиешелүү кеңештеги депутаттардын тизмесин бекитет, аларды даярдоону жана сактоону камсыз кылат, өздөрүнүн жыйындарынын протоколун алып барууну уюштурат, башка ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 20. Шайлоо бюллетендери жана тиешелүү кеңештин депутаттарынын тизмеси комьпютердик жол менен мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, төраганын жана аймактык шайлоо комиссиясынын катчысынын колу менен күбөлөндүрүлөт. 21. Бюллетенге шаардын мэринин кызмат ордуна катталган талапкердин аты-жөнү алфавиттик тартипте жазылат. Бюллетендин акыркы сабына, - “бардыгына каршы” позициясы киргизилет. 22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аппараты аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону уюштурууда атайын жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү коюу жана башка шайлоону өткөрүүгө байланышкан бир катар маселелерди чечүү жолу менен жардам берүүгө милдеттүү. 23. Депутаттардын катышуусун камсыз кылуудагы жоопкерчиликти тиешелүү шаардык кеңештин төрагасы тартат. Тийиштүү шаардык кеңештин төрагасы добуш берүүгө 24 саат калгандан кечиктирбестен, тийиштүү шаардык кеңештин депутаттарына шаардын мэрин шайлоонун орду, күнү жана убактысы жөнүндө маалымдоого милдеттүү. 24. Добуш берүү жол жобосун камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти аймактык шайлоо комиссиясы тартат IV. Шайлоону өткөрүүнүн жана добуш берүүнүн тартиби 25. Шаардын мэрин шайлоо, шаардык кеңештин жыйындары өтүүчү жайда өтөт. Шаардын мэрин шайлоо саат 9:00дөн 12.00гө чейин, же саат 15:00дөн 18.00гө чейин өткөрүлөт. 26. Добуш берүү алдында добуш берүүчү үкөк текшерилип, пломба коюлат жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана комиссиянын катчысынын колу коюлуп, мөөр басылат. 27. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адам үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Ар бир депутат бир гана шаардын мэрине талапкерге же “Бардык талапкерге каршы” позициясы үчүн добуш бере алат. Бир талапкерден ашык белги коюлган бюллетень жараксыз деп табылат. 28. Шайлоо бюллетенин алуу үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттар тизмесине кол коет. V. Шаардын мэрин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана аны жарыялоо тартиби 29. Добуш берүү мөөнөтү аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү жол жобосу токтогондугу жана шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жол жобосу башталгандыгы жөнүндө кулактандырат. 30. Добушту эсептөө бир гана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан ачык-айкын жүргүзүлөт жана добуш берүү үчүн бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт. 31. Пайдаланылбаган бюллетендер эсептелип, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүчү үкөктү ачканга чейин жок кылынат. Жок кылынган бюллетендердин саны тууралу маалымат жана анын добуш берүү үчүн бөлмөгө илинген чоңойтулган көчүрмөсү Протоколго жазылат. 32. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн үкөктү ачууну жүргүзөт. Үкөктөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, жараксыз бюллетендердин санын, “ар бир” талапкерге берилген добуштардын санын жана шаар мэринин кызмат ордуна көрсөтүлгөн “Бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилген добуштардын санын аныктайт. Добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон, бирден ашык талапкерге белги коюлган, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган же болбосо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койбогон бюллетендер жараксыз болуп саналат. 33. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген, добуш берүүчү үкөктөн алынып чыккан бюллетендердин негизиндеги бардык маалыматтар жана анын добуш берүүчү жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсү добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Протоколго жазылат. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт. 34. Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүнүн жыйынтыгын шаардык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт. 35. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколдун негизинде шайлоонун натыйжасын аныктайт. Аймактык шайлоо комиссиясы эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышса шаардын мэринин кызмат ордуна шайлоону өттү деп тааныйт. Мындай болбогон учурда бул Жобонун VI бөлүмүнө ылайык кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Эгерде шайлоо өттү деп таанылса, аймактык шайлоо комиссиясы – тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн (жарымынан көбүнүн) добушуна ээ болгон талапкерди – шаардын мэри болуп шайланды деп эсептейт. Эгерде: - эки талапкер катталып жана алардын бири дагы зарыл болгон добушту ала албаса, көбүрөөк добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт; - экиден ашык талапкер катталып, биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк добуш алып, кийинки эки талапкер бирдей сандагы добуш алып калса, көбүрөөк добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт; - экиден ашык талапкер катталып жана биринчи турда эки талапкер баарынан көбүрөөк бирдей добуш алып калса, башка талапкерлер азыраак добуш алса, көбүрөөк бирдей добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт; - экиден ашык талапкер катталып алардын бири да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи туру, бул Жобонун III, IV, V бөлүмүндө белгиленген тартипте өткөрүлөт. Эгерде: - Шаардын мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал зарыл сандагы депутаттардын добушун ала албай калса, шаардын мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт; - эки талапкер катталып жана биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын бирдей добушун алып калса, шаар мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт; экиден ашык талапкерлер катталып жана биринчи турда бардык талапкерлер бирдей добуш алса, кайра шайлоо өткөрүлөт; - талапкерлерге караганда, депутаттар “Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көбүрөөк берсе, кайра шайлоо өткөрүлөт; Добуш берүүнүн натыйжасын аныктоодо, бул Жободо каралбаган башка жагдай келип чыккан учурларда кайра шайлоо өткөрүлөт. Кайра шайлоо өткөрүү бул Жобонун VI бөлүмүндө белгиленген тартипте дайындалат жана өткөрүлөт. 36. Аймактык шайлоо комиссиясы, шайлоонун жыйынтыгын аныктагандан кийин, шайлоонун натыйжасы жөнүндө Протокол түзүп, ага аймактык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн белгиленген санындагы көпчүлүгүнөн аз эмес сандагы мүчөлөрү кол коюшат. Кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардын мэринин шайлоонун натыйжасын шаардык кеңештин депутаттарынын жана катыщкан адамдардын алдында дароо жарыялайт. 37. Шайлоонун жыйынтыгы жана добуш берүүнүн натыйжасы тууралуу Протоколдун биринчи экземпляры мөөр басылган бардык шайлоо документтери менен бирдикте (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.) Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана расмий жарыялоо үчүн жөнөтүлөт. Экинчи экземпляры аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, тиешелүү шаардык кеңешке жанаКыргыз Республикасынын Премьер-министрине, ошондой эле бардык катышуучуларга алардын талабы боюнча берилет. 38. Аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү басма сөз каражаттарына шайлоонун натыйжасы тууралуу жалпы маалыматты жарыялайт. 39. Шайланган шаардын мэрине тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. 40. Аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасын жана добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо боюнча чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу, ошондой эле шаардын мэрин шайлоонун натыйжасына жана добуш берүүнүн жыйынтыгынын өзүнө даттануу, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинде белгиленген мөөнөттө жана тартипте жүргүзүлөт. VI. Шаардын мэрин кайрадан шайлоо 41. Бул Жобонун 18, 35 пункттарында каралган негиздер келип чыккан учурларда, жаңы талапкерди көрсөтүү менен шаардын мэрин кайрадан шайлоо бул Жобонун II-V бөлүмүндө белгиленген тартипте өткөрүлөт. 42. Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып, үч календарлык күндүн ичинде жаңы талапкерди жылдыруу менен кайрадан шайлоону дайындайт. 43. Кайрадан шайлоо, жаңы талапкерди жылдыруу менен, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайрадан шайлоо дайындалгандан тартып 15 календарлык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. 44. Эгерде кворум болбой калган учурда, башкача айтканда добуш берүүгө шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен азыраагы катышып калса, Борбордук шайлоо комиссиясы үч календарлык күндүн ичинде кайрадан шайлоо дайындайт. Бул учурда аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайрадан шайлоо дайындалгандан тартып, он беш календарлык күндөн кечиктирилбестен, бул Жобонун III-V бөлүмдөрүнө ылайык, мурда катталган талапкерлер боюнча кайрадан шайлоо өткөрүлөт. VII. Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепети 45. Эгерде тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңешти таратат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. 46. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тиешелүү шаардык кеңештин жаңы депутаттык курамы шаардын мэрин шайлаганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучуну дайындайт. VIII. Шайланган шаардын мэринин кызматына киришиши 47. Шайланган шаардын мэри кызмат ордуна Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжасы бекитилип жана расмий жарыялангандан кийин киришет. Шаардын мэринин кызматына киришүү күнүн аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясына атайын реестрге киргизүү үчүн расмий кат жүзүндө берет. IX. Шаардын мэрин шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына жана жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу, маселелерди жөнгө салуу 48. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шаардын мэрин шайлоонун натыйжасы аныкталгандан кийин жана шайланган шаардын мэри кызматына киришкенге чейин, анын пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же болбосо аны шаардын мэринин кызмат ордуна шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары тастыкталса Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарып, шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбайт, шайлоону өткөн жок деп таап, эгерде зарыл болсо шаардын мэрине талапкерди каттоону жокко чыгарат. 49. Эгерде шаардын мэри кызматына киришкенден кийин анын пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же болбосо аны шаардын мэринин кызмат ордуна шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары тастыкталса Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу жагдайларды жана негиздерди көрсөтүп кайрылат. X. Бул Жободо каралган, эсептердин тартиби 50. Шаардын мэрин щайлоо жана шайлоону өттү же өткөн жок деп таануу үчүн, бул Жободо тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын белгиленген санына (жалпы санына) карата зарыл болгон депутаттардын саны аныкталган. 51. Белгиленген депутаттардын саны (жалпы саны) – 21 болгон шаардык кеңештер үчүн: - Белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны - 14; - Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүн түзгөндөр (жарымынан көбү) - 11; 52. Белгиленген саны (жалпы саны) - 31 болгон шаардык кеңештер үчүн: - Белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны - 21; - Депутаттардын жалпы санынын (жарымынан көбү) көпчүлүгүн түзгөндөр -16.
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.
42-берене. Шаардын мэрине коюлуучу талаптар Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Шаарга кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны мэр боло албайт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 31-октябрындагы чечимине ылайык 42-берененин экинчи абзацы КР Конституциясына карама-каршы келет деп табылды (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 228, 2012-жылдын 10-августундагы N 164, 2014-жылдын 17-июлундагы N 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 43-берене. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн жана андан бошотуунун тартиби 1. Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өзүнчө мыйзам менен аныкталат. Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып шаардын мэри жаңыдан шайланган шаардын мэри кызмат ордуна киришкен күнгө чейин мэрдин милдеттерин аткаруучу деп эсептелинет. 2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын, фракциялардын коалициясынын жана Премьер-министрдин укугу бар. 3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат. Шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт. Шаардын мэри шаардык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаардын мэрин шайлоо дайындалбайт. Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. 4. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде: - катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт; - эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт; экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. (Он экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Шаардын мэрин шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт. Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет. 5. Тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбаган учурда. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. (Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн: 1) жеке арызынын негизинде; 2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен; 3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде; 4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда; 5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда; 6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда; 8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда; 9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда; 10) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алынган, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда). 7. Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 8. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар. 9. Шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери вице-мэрге жүктөлөт. (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 228, 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 53-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат: 1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим; 2) ат салышууга макулдугу жөнүндө талапкердин арызы; 3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун (кызматынын түрүн) жана турган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары; 4) ушул Мыйзамдын 42- жана 48-беренелеринин талаптарын тастыктоочу тиешелүү документтер. 2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө - чечим, же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субъектиге кабар билдирүүгө милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект кабар алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу. 3. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. 4. Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз боло алат: 1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүүнүн тартиби сакталбашы; 2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги; 4) талапкерди көрсөткөн субъекттин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербегендиги. 5. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. 6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин эки календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу 1. Талапкер кайсы учурда болсо да, бирок добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъект кайсы учурда болсо да добуш берүүгө чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берип, талапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
|
Карап чыгуулар: (5472) |