МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№63 Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесиндеги 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер адам белгиленген тартипти бузуу менен депутаттык мандатты алган фактыларды табуу менен байланышкан учурларды камтыйт (шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу же шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу), бирок «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү  кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча ыйгарым укуктар жергиликтүү  кеңештердин компетенциясына таандык.

Ошону менен бирге, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу көп учурда конкреттүү укуктук жагдайларда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук актыларды алып салмайынча же күчүн жоготту деп тапмайынча чечилиши мүмкүн эмес.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарына ээ болгондон кийин, бирок шайлоо менен байланышкан кырдаалдарды ыкчам жана бир жактуу укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу максатында,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-,6-беренелерин, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбордук шайлоо комиссиясы адам депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алгандыгынын фактысын аныктаганда (шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу же шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу) чечим кабыл алат жана кеңешке сунуш жөнөтөт.

2. жергиликтүү кеңеш аракетсиздик кылган же депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууда баш тарткан учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бул чечимди (аракетсиздикти) сот тартибинде тиешелүү сотторго даттанууга укуктуу.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы

№ 63

 

Карап чыгуулар: (2152)