МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Шайлоолор - Президентти шайлоо
Центральная избирательная комиссия

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу

№165 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө”  Нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоого кол коюу барактын формасы бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоочулардын колдорун, мыйзамдарда белгиленген зарыл минимумдан бир жарым эседен ашпаган санында берүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

1) “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоо үчүн колтамгаларды чогултуу тартиби жөнүндө” Түшүндүрмөнү бекитүү туралуу” 2000-жылдын 28-июнундагы № 339;

2) “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу барактарындагы камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу” 2000-жылдын 4-июлундагы № 354;

3) “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу барактарындагы камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө” Нускамага толуктоону бекитүү тууралуу” 2000-жылдын 4-июлундагы № 351;

4) “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу” 2011-жылдын 5-июлундагы № 5.

4 Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 17-июну

№ 165

Карап чыгуулар: (1506)