![]() 17 сентября состоялось четвёртое заседание Комиссии по языку |
Бүгүн, 2011 – жылдын 17 – сентябрында Тил боюнча комиссиянын төртүнчү жыйналышы болуп өттү. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында курамы 12 кишиден турган Тил боюнча комиссия түзүлгөн. Бул жыйналышта чүчүкулак жолу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыков төрага болду. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Марат Иманкуловду, Анарбек Калматовду, Торобай Колубаевди жана Өмүрбек Эгембердиевди жыйындын төрагасы КР БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы №57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссия жөнүндө” Жобо менен тааныштырды. Жобого ылайык, биринчи тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө чагылдырып берүүлөрү керек. Экинчи тапшырманы аткарууга, талапкерлер алфавиттик тизме боюнча чакырылышты.Талапкерлер өздөрүнүн шайлоо алдындагы негизги жоболорун кезектешип,15 мүнөттөн айтып беришти. Үчүнчү тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер “Тил боюнча комиссиянын” Жоболорунун талаптарына ылайык 3 беттен турган текстти окуп беришти. Тил боюнча комиссия талапкерлердин жазуу иштерин текшерип жана айтып бергендерин, ошондой эле көркөм адабияттардан окуп берген үзүндүлөрүн угуп,талапкердин ар бирине өз өзүнчө баа беришти. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин төртөө тең: Марат Иманкулов, Анарбек Калматов, Торобай Колубаев, Өмүрбек Эгембердиев – мамлекеттик тилди билет деген чечим чыгарылды. Тил боюнча комиссиянын кийинки жыйналышы эртең, 18 – сентябрда саат 10.00 дө башталат. Мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, эртең Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Кубанычбек Исабеков, Арсланбек Малиев, Алмамбет Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморов экзамен тапшырышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2061). 17 Сентября 2011 г. |