МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Эртен 18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде эртең  18 август күнү Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өткөрүлөт. Бул жергиликтүү кеңеш шаар мэрин белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгы үчүн таркатылган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул аймактарда катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.

         Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1810). 17 Августа 2013 г.