МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

18 – cентябрда Тил боюнча комиссиянын бешинчи жыйналышы болуп өттү

Бүгүн, 2011 – жылдын 18 – сентябрында курамы 12 кишиден турган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында түзүлгөн Тил боюнча комиссиянын бешинчи жыйналышы болуп өттү.

Бул жыйналышта чүчүкулак жолу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Росиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты, Василькова Галина Алексеевна төрага болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кубанычбек Исабековду, Арсланбек Малиевди, Алмамбет  Матубраимовди, Шамшыбек Медетбековду жана Роман Оморовду жыйындын төрагасы КР БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы №57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссия жөнүндө” Жобо менен тааныштырды.

Жобого ылайык, биринчи тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө чагылдырып беришти.

Экинчи жана үчүнчү тапшырмаларды аткарууда, талапкерлер алфавиттик тизме боюнча өздөрүнүн шайлоо алдындагы негизги жоболорун кезектешип,15 мүнөттөн айтып жана 3 беттен турган текстти окуп беришти.

Тил боюнча комиссия талапкерлердин жазуу иштерин текшерип жана айтып бергендерин, ошондой эле көркөм адабияттардан окуп берген үзүндүлөрүн угуп,төмөнкүдөй баа беришти:

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кубанычбек Исабеков, Алмамбет  Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморовмамлекеттик тилди билет;

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Малиев мамлекеттик тилди билбейт деген чечим чыгарылды.

Тил боюнча комиссиянын кийинки жыйналышы 22 – сентябрда өтөт, анда мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкерлер: Арабаев Калыбек, Бакир уулу Турснбай, Дыйканов Салморбек, Сооданбеков Уланбек. Тюлеев Нариман, Уметалиева Токтайым экзамен тапшырышат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2397). 18 Сентября 2011 г.