![]() Шаарлардын мэрлеринин жана өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2012-жылдын 20-январында болот |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 – пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата, Балыкчы, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” тууралуу токтомдорду кабыл алды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шаарлардын мэрлерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдор тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-пунктуна ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 2012-жылдын 13-январында аяктады. Азыркы учурда, жогоруда көрсөтүлгөн шаарлардын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларына талапкерлердин документтерин кабыл алуу жаан катоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаарлардын мэрлерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларында түзүмү төрагадан, аймактык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн, тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнөн жана айылдык кеңештин өкүлүнөн турган эсептөө комиссиясы түзүлөт. Ошондой эле, шайлоо бюллетендеринин тексттерин бекитүү жана алардын сакталышын камсыздоо аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирет. Шайлоо бюллетендери кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгат. Борбордук шайлоо комиссиясы шаарлардын мэрлерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо мыйзамдарга ылайык өтүшү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону дайындоо жана өткөрүү боюнча практикалык, материалдык-техникалык жана уюштуруулук жардам берүүдө. 2012-жылдын 20-январында шаарлардын мэрлерин шайлоо төрт облустук маанидеги шаарларда, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 16 айылдык аймактарда болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1635). 14 Января 2012 г. |