25-март Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо күнү |
Бүгүн 2012-жылдын 25-марты-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешинде, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинде, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинде жана шаар тибиндеги Кемин поселкалык кеңешинде өтүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү саат 8-00дөн саат 19-00гө чейин жүргүзүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бүгүн шайлоолор өтүп жаткан аймактардагы бардык участкалык шайлоо комиссиялары саат 8-00дө ачылды. Балыкчы шаарында шайлоо 16 УШКда өткөрүлүүдө. Бүгүн, добуш берүү күнүндө Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын келиши Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жергиликтүү убакыт боюнча 10-00, 13-00, 16-00, жана 20-00 төмөндөгү шилтеме боюнча
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2362). 25 Марта 2012 г. |