![]() 2011-жылдын 27-августунда республиканын 17 шаарынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт |
2011-жылдын 27-августунда кызмат орундун бошогондугуна байланыштуу республиканын 25 шаарынын 17 шаарында мэрлерди шайлоо өткөрүлөт. Атап айтканда, областтык маанидеги төмөндөгү шаарлардын: Сүлүктү, Кызыл-Кия, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок, райондук маанидеги: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак мэрлерин шайлоо өткөрүлөт. Республиканын мыйзамдарына ылайык шаарлардын мэрлери тийиштүү шаардык кеңештердин депутаттары тарабынан чакырылыш мөөнөттөрүнө карата жашыруун добуш берүү жолу менен шайланышат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештин депутаттык фракцияларына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берилген. 2011-жылдын 24-августуна карата шаарлардын мэринин кызмать ордуна шаардык кеңештердин депутаттык фракцияларынан төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлгөн: Сүлүктү: Бакибеков Шадыбек (“Тилектеш”); Ибрагимов Абдукахар (“Адилет”); Эгембердиев Абдулатип (“Жетиген”); Кызыл-Кия: Халмурзаев Хабийбулла (“Кыргызстан”); Баткен: Сейитказиев Саитибрагим (“Келечек”); Эрматов Сайдахмат (“Ынтымак”); Балыкчы: Медеркулов Таалай (“Ынтымак Балыкчы”); Каракол: Жумабекова Акылсайра (“Адилет”); Калыгулов Рыскул (“Единый Каракол”); Жапаров Давлетбек (“Келечек”); Талас: Кушубеков Анарбек (“Ынтымак”); Жусупбеков Айдар (“Биримдик”); Кара-Көл: Капалбаев Мамбеткул (“Ынтымак”); Еркеев Ильяз (“Биримдик”); Майлуу-Суу: Бакалаев Рахатбек (“Эл Аман”); Ызабеков Ырысбек (“Акыйкат”); Таш-Көмүр: Кулдышев Мамидалы (“Биримдик”); Жалал-Абад: Адылов Бакыт (“Келечек үчүн”); Айтакалов Каныбек (“Менин шаарым”); Токмок: Идрисов Садырбек (“Ынтымак”); Исфана: Козубаев Ташполот (“Ынтымак”); Салямов Хамза (“Биримдик”); Чолпон-Ата: Мамбеталиев Мирбек (“Келечек”); Алдашев Азиз (“Биримдик”); Кочкор-Ата: Нусупбеков Асан (“Ынтымак”); Эшиев Каныбек (“Биримдик”); Кара-Суу: Каримов Медербек (“Биримдик”); Рахимов Ахмаджан (“Тынчтык”); Исраилов Салижан (“Тынчтык”); Ноокат: Турдукулов Абдыш (“Көпчүлүк”); Тешебаев Махамадзахид (“Азчылык”); Көк-Жаңак: Сарибаев Казимжан (“Ынтымак”). Республиканын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта, же билим берүүнүн же саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде 5 жылдан кем эмес эмгек стажысы бар жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон, соттолгондугу жабылбаган же белгиленген мыйзамдык тартипте алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны мэр боло албайт. Шаардын мэри эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышканда шайланды деп эсептелинет. Тийиштүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-пункту). Добуш берүүнүн тартиби шайлоо мыйзамы жана тийиштүү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2242). 25 Августа 2011 г. |