МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2016-жылдын 4-февраль - Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү,

 

Бүткүл дүйнөлүк Шайлоолор күнү жакындап келе жатат. Биз Кыргызстанда аны мындан эки жыл мурда биринчи жолу белгилегенбиз. Ал эми быйылкы жылы болсо бул эл аралык форумга үчүнчү ирет катышканы турабыз.

Бул Шайлоо күнү 2005-жылдын 14-17-сентябрында Будапешт шаарында өткөн Шайлоону уюштуруучулардын глобалдуу конференциясында аныкталып бекитилген.

Бул биздин кесиптик майрамыбыз десек болот. Биз аны быйылкы жылдын 4-февралында белгилейбиз жана мындан аркы жылдар бою жалпы элибиз менен белгилеп турабыз. Эмне үчүн? Анткени шайлоолор элдин эгемендүүлүгүн, коомдук пикирди калыптандыруунун жана билдирүүнүн, мамлекеттик механизмдин стабилдүүлүгү менен анын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуучу  негизги курал болуп эсептелет.

Кыргыз элинин демократиясынын негизги институту катары шайлоолор калктын урууларга бөлүнүү заманынан эле башталган жана кыргыз коомчулугунун бүтүндөй турмуш жолун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү жана бүгүнкү күнгө чейин элдин укуктары менен эркиндиктеринин ажырагыс элементи болуп эсептелет.

Шайлоолордун тарыхы дүйнөлүк масыштабтан алып караганда биздин мекенибизде анчалык узак мөөнөттү ээлебейт. Ошентсе да бул убакыт ичинде укмуштай улуу окуялар жана кеңири өзгөрүүлөргө жык толуп, ал калкты өзүнүн өлкөдөгү бардык окуялар жана өзгөрүүлөр үчүн жекече жоопкерчилигин сезүүгө, ошону менен бирге жалаң эле өзүнүн айлана-чөйрөсүндө, өзүнүн өлкөсүндө, болуп жаткан окуялар үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү окуялар үчүн жоопкерчиликти сезүүгө үндөйт.

Биз шайлоолордун тарыхына кыскача кайрылсак, ал Кыргыз мамлекеттигинин уюшулуусу менен калыптануусун даана чагылдырат.

1918-жылдын экинчи жарымында Кыргызстандын аймагында эмгекчилер РСФСРдын жана Түркестан АССРинин Конститутцияларынын негизинде бийлик органдарын, администрацияларды, сотторду, мектептерди жана башка маданий агартуу мекемелерин түзүшүп, алар кыргыздардын эне тилинде иштешкендиги Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышынын алгачкы баскычы болуп калган.

1919-жылдын башталышында Кыргызстандын бардык аймагындагы бийлик элдин колуна өткөн. 1921-жылдын күзүндө Түркестан Борбордук Аткаруу Комитетине баш ийген айылдык кеңештер бийлик органы катарында түзүлүшкөн.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, айылдык калктын чогулушунда ишке ашкан. Ошол эле мезгилде эл депутаттарынын кеңешине ар бир айылдан бирден гана өкүл шайланган. Бул элдик бийликтин ишке аша баштоосу 1924-жылдын акырына чейин уланган. Анткени Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын революциялык комитетинин-Пишпек, Кара-Кол, Ош жана Жалал-Абадда төрт шайлоо округун түзүү жөнүндөгү токтому чыккан. Ар бир округга 16-20 дан болуштуктар (волост) карап, анын негизинде мамлекеттик бийликтин структурасы өркүндөй баштаган.

1924-1930-жылдары шайлоолорду округдук, шаардык, болуштук, райондук жана айлдык шайлоо комиссиялары өткөрүшкөн. Албетте жолдору татаал, айылдан айылга каттоо өтө кыйын болгон тоолуу өлкөдө шайлоолор боюнча үгүт иштерди жүргүзүү колдон келбеген иш болчу. Шайлоо өнөктүгүнө калктын 10-15 пайызы гана камтылган. Бирок бара-бара шайлоочулардын катышуусу жылдан жылга өсө баштап, шайлоого 35 пайыз катышуу ченемин киргизип, ага легитимдүү мүнөз берүүгө мүмкүн болгон. 1926-жылдан баштап, шайлоочу аялдардын катышуусу көбөйө баштагандыгын айтпай коюуга болбойт.

1930-жылдын аягы, 1931-жылдын башында Кыргызстанда райондук, шаардык кеңештерге кайра шайлоо болуп өтүп, ал Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конситутциясынын ченемдерин жетекчиликке алуу менен ишке ашкан. Шайлоонун мындай жаңы системасы бардыгынан мурда калкты активдүү  шайлоо укугу менен камсыз кылуу, эркек менен аялдын ортосундагы тең укуктукту орнотуу, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү төмөндөтүү, шайлоочулар менен бийликтин өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы алгылыктуу байланышты күчөтүү, жарандардын шайлоо укугунун бузулушуна арыздануу системасын өркүндөтүү жана башкалар.

Советтер союзунун учурунда улам арылаган сайын шайлоочулардын шайлоого болгон мүмкүнчүлүктөрү  чектелген. Анткени анын курамына Кыргыз ССРи да кирген. Өтө көлөмдүү СССРде көп партиялуулук жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн болбогондуктан шайлоого тандап алуу өтө чектелүү болгон. Албетте мындай шартта өлкөнү бир гана Советтер Союзунун Коммунистик партиясы башкарган. Демек шайлоо системасы өтө кылдат иштелип чыккандыктан  шайлоолор темир жолдун рельси менен жүргөндөй өткөрүлгөн.

Эгерде Кыргыз Республикасындагы азыркы заманбап шайлоо системасынын өнүгүшүнүн тарыхына кайрылсак төмөндөгүлөрдү эске алууга болот;

1994-жылдын 21-сентиябырында өлкөнүн Президенти Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссияны (Центризбирком) түзүү жөнүндө указ чыгарган. Андан мурда 1993-жылдын 18-декабырында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 26 шайлоо өткөрүлдү-анын алтысы призиденттин шайлоосу, алтысы парламенттик шайлоо, тогуз жолу референдум өткөрүү жана беш жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн. Белгилей кетчү нерсе көз карандысыз Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү бийлик үчүн болгон курч күрөштөгү экстремалдык шарттарда өтүп келген жана ал дагы эле уланып жатат. Ошону менен бирге биз өлкөгө акыйкат саясий системаны куруу боюнча эң чоң тажрыйбага ээ болуп да жатабыз. 

Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштүн жаңы системасы менен шайлоо укугун камсыздандырууга болгон жаңы талаптар шайлоо боюнча ченемдик актылар менен базалардын жаңыруусуна алып келди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарандардын шайлоо укуктарын толуктап камсыздоо үчүн жаңы жолдорду издеп, алдыга жылууда. Ал чет өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо органдары менен эл аралык кызматташууну жөнгө салган. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Корея Республикасынын, Монголиянын, Латвия Республикасынын Индиянын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн Борбордук шайлоо комиссиялары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюп, кызматташып келе жатат.

КР БШКсы өнөктөш мамлекеттерге өзүнүн делегацияларын жөнөтүп, ал өлкөлөрдө президенттерин, парламентеринин депутаттарын шайлоого ошондой эле муниципиалдык шайлоолорго эл аралык байкоочу катары катышып жүрүшөт.

Албетте, Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулардын катышуусуна  эч кандай тоскоолдуксуз макулдугубузду берип жүрөбуз. Демократиялык, укуктук мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп демократиялык эркин шайлоолорду өткорүүнү камсыз кылуу эсептелет. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын, коомдун, анын ар бир инсанынын мамлекеттин саясий турмушуна катышууга тартылууга жана бийликке багыт алган жол алардын өз көз карашынын бир гана эркин шайлоолор аркылуу билдирүүсүнө ынануусун камсыздап ишендирүү боюнча көп эмгек сиңиргенин белгилөөбуз керек.

Кыргызстанда бийлик эл тарабынан шайланууга тийиш. Элдик бийлик дегенибиз ар бир адамдын коомдогу маанилүү маселелерин чечүүгө эркин катышууга, анын ичинде мамлекеттик бийликтин органдарына жана өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга болгон Конституциялык укугунан пайдалануу  аркылуу жетишүүгө акылуу.

Кыргызстанда жаңыдан болуп өткөн парламенттик шайлоо 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн референдумда жактырылган жаңы Конституция  боюнча өткөрүлдү. Бул шайлоого жүргүзүлгөн мониторингде айрым мүчүлүштүктөр менен жобо бузууларга жол берилгенине карабастан коомчулуктун демократияны көздөй санаттуу арым шилтегени белгиленди.

2015-жылдын күз айларында КР Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоого 613 Эл аралык  байкоочу 69 өлкөдөн, 40 Эл аралык уюмдардан келип катышышты. Парламенттик шайлоо сөзсүз түрдө Эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдарын алгоосу аркылуу ийгиликтүү өттү.

Жаңы технологиянын шайлоочулардын ким экендигин аныктоодо жана добуштардын так жана үзгүлтүксүз саналуусундагы жардамы менен калктын шайлоо процессинин жүрүшүнө ишенимин арттырды. Анткени, шайлоонун натыйжасын бурмалоо, шайлоочулардын тизмелери боюнча так эместиктер, шайлоо күнү шайлоочулардын ким экендигин тактоо, добуштарды эсептөөдө шайлоочулардын добуштарын өзгөртүүгө жана шайлоо комиссиялары тарабынан жыйынтыктоочу протоколдорду каалагандай бурмалоого же оңдоого бөгөт коюлду.  

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев шайлоодон кийин: “Өлкөдө бир дагы митинг болгон  жок” - деп белгиледи. Бул кыргыз бийлиги кадимкидей таза жана акыйкаттуу шайлоо өткөрө алганынан кабар берет. Кыргызстан үчүн бул тарыхый олуттуу жагдай болуп калды.

2006-жылдан баштап Кыргыз республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы  Европалык шайлоо уюштуруучулардын Ассоцияциясынын мүчөлүгүнө кирип, ал эми 2014-жылдын күзүнөн бери бул уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Биз ошондой эле Азиянын шайлоо органдарынын Ассоцияциясынын да мүчөсүбүз. Анын офиси Индиянын Нью -Дели шаарында жайгашкан.

2013-жылдын октябрь айында КР БШКсы Бүткүл дүйнөлүк шайлоо уюштуруучулардын ассоциациясына мүчө, ал эми анын аткаруу Кеңешинин мүчөсү болуп 2014-жылдын күзүндө шайланды. Анын штаб квартирасы Кореянын Инчон шаарында орун алган.

Шайлоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата БШК мектеп окуучулары  менен студентер үчүн ачык эшиктер күндөрүн өткөрөт. Болочок шайлоочуларга алардын жарандык укуктары менен милдеттери түшүндүрүлүп, парламенттин, өкмөттүн, саясатчылардын демократия маданиятын жашообузга киргизүүдөгү лидерлик ролу жөнүндө кеңири айтылат.

Жаш муундар Кыргызстандын демократиялык процесстеринин артка чегинбестиги жөнүндө толук ишенимди бекем өздөштүрүүсү зарыл. Ассоциация 2016-жылы юбилейин белгилеп майрамдоону болжолдоп жатат. Чейрек кылым бою топтолгон тажрыйбасынын жыйынтыгы боюнча “Шайлоо системалары менен процесстерин өнүктүрүү” деген темада ар жылы өткөрүлүүчү Эл аралык 25-конференцияны да колго алуусу каралган.

Ошону менен бирге, биздин өлкөбүздө саясий система өркүндөп, калк андан кеңири ачыктыкты, акыйкаттуулукту жана тактыкты күтүп жатат. Анын ачыктыгында, легитимдүүлүгүндө мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы турат. Ал биздин өлкөнүн алдында турган жарандык макулдашууга, туруктуулукка, улуттук жалпы маселелерди чечүүгө алып келет.

Азыркы кезде дүйнөнү көптөгөн проблемалар тытмалап жаткан учур.  Бул эл аралык терроризм, экономикалык кризис жана башка көптөгөн көйгөйлөр. Биз дагы дүйнөдөгү жөнөкөй эмес чалкештиктерге сырттан каймана көз салып турууга акысызбыз. Биз өз ордубуздан ал коркунучтарга каршы аракеттерди жасоого милдеттүүбүз. Анткени, шайлоо системасы – саясий, маданияттык көз карандысыз Кыргызстандын калкынын биримдигин калыбына келтирүүчү бөлүгү.

 Биз Кыргызыстан деп аталган демократиялуу сүйүктүү өлкөбүздүн мындын ары гүлдөп өсүшүнө биримдик менен гана жетише алабыз. 

 

Булак: "Кыргыз Туусу" гезити №8 02.02.2016/.10б 

Карап чыгуулар: (1405). 3 Февраля 2016 г.