МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 5 талапкер шайлоочулардын аларды колдоого жетишсиз сандагы так колтамгаларын беришкен

Бүгүн, 2011-жылдын 20-сетябрында саат 16-00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Бул жыйында, шайлоочулардын аларды  колдоого жетишсиз сандагы  так колтамгаларын беришкендигине байланыштуу Уметалиева Токтайымды, Абышев Аскарбекти, Сооданбеков Уланбекти, Арабаев Калыбекти жана Тюлеев Нариманды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылды.

Мындан тышкары, Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Малиев Арсланбекти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катарында каттоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынды.

Жыйында, ошондой эле 2011-жылдагы 6-сентябрындагы №236 токтом менен мурда бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР БШКнын токтому кабыл алынды. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан Чүй облусунун Чүй районундагы Он бир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоолор токтотулду.

             

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1896). 20 Сентября 2011 г.