![]() ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо: КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган КРнын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрүү тууралуу |
2017-жылдын 27-июнунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. 1. КР БШКнын 2017-жылдын 27-июнундагы №179-токтомунун №1-тиркемесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында басма бетин, сунуш кылынган эфирдик убакыттын шарттары жана акысы жөнүндө; Азыркы убакта КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине катыша турган ЖМКлар жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алууну улантууда. Документтер 2017-жылдын 4-июлуна чейин кабыл алынат. Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш. Документтер Бишкек шаарындагы Раззаков, 59 көчөсүндөгү имараттын 210-кабинетинде кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү |
Карап чыгуулар: (2775). 30 Июня 2017 г. |