МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Арбуду Сульмане Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча депутаты болуп катталды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-июнундагы чечими бекитилди. Анын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу Ясыров Джумаза Лилизовичтин ордуна Арбуду Сульмане Сализович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча депутаты болуп катталды.

Москва аймактык шайлоо комиссиясына Александровка айылдык кеңешинин шайланган депутатын каттоо жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берүү тапшырылды.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы, 62-62-86

Карап чыгуулар: (579). 9 Июля 2013 г.