МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү

2012-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү.  Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна УШК курамдарына өз талапкерлерин көрсөткөн 17 саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Жогоруда аталган Мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат:

1) 0дөн 500 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү;

2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү;

3) 1201ден көп шайлоочуга – участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.  

Ошондуктан, шайлоо участкасында шайлоочулардын санына байланыштуу, ар бир шайлоо участкасы боюнча керектүү номерлерди алып чыккан саясий партиялар (бул - 1ден 4кө чейин, 1ден 5ке чейин же 1ден 6чы номерлерге чейин) участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына кирет, ал эми башка партиялар саясий партиялардан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда бош орунду толтуруу үчүн резерв түзүшөт.

Чучукулактын натыйжалары боюнча Бишкек шаарынын УШК курамдарындагы көпчүлүк өкүлчүлүктү “Каганат” саясий партиясы алды. Ушул партиядан Бишкек шаарынын УШКнын курамдарына 96 өкүл кирет. Экинчи орунда 80 өкүл менен “Азаттык” саясий партиясы. “Ата-Журт” жана “Мекенчил патриоттор” саясий партиялардын өкүлчүлүгү  79 өкүл менен көрсөтүлөт.

Жалпысынан, Бишкек шаарындагы УШК курамдарындагы саясий партиялардын өкүлчүлүгү төмөнкүдөй:

 

к/н

Саясий партиянын аталышы

 

Биринчи май району

 

Ленин району  

 

Октябрь району

 

Свердлов району

 

Жалпы-сы

1

«Замандаш- Современник»

10

12

11

18

51

2

«Азаттык»

15

26

25

14

80

3

«Кыргызстан үй куруучулардын партиясы

9

25

14

16

64

4

«Айкөл эл»

10

22

24

9

65

5

«Эгемен Кыргызстан»

15

19

18

14

64

6

«Туран»

16

20

18

13

67

7

КСДП

15

16

24

19

74

8

«Республика»

17

17

14

15

63

9

«Ата Мекен»

17

20

18

14

69

10

 

«Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы

 

16

 

19

 

22

 

23

 

69

11

«Каганат»

21

26

28

21

96

12

«Ата-Журт»

20

17

20

22

79

13

«Келечек-Эл»

17

17

16

23

73

 

14

«Мурас»

17

17

11

20

65

15

 

«Ак-Шумкар»

6

3

7

5

21

16

«Мекенчил патриоттор»

20

13

15

31

79

17

«Ар-Намыс»

19

15

14

15

63

 

Бардыгы

 

 

 

 

 

1142

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1686). 13 Сентября 2012 г.