МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын 100дөн ашуун кызматкерлери маалыматтык-компьютердик окуудан өтүштү

Бишкек, Кыргызстан (2012 -жылдын 16-июлу) – 12-июндан 17-июлга чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери үчүн Маалыматтык технологиялар улуттук борборунун жана ЛингоКомптун негизинде тренингдер болуп өттү. БШКнын мүчөлөрү, аппаратынын кызматкерлери  жана өлкөнүн бардык региондордун системдик администраторлору категорияларга бөлүнүп, төмөнкү тиешелүү темалар: маалыматтык жана желелик технологиялардын негиздери, Linux/Unix, Windows Сервер операциондук тутумдун негиздери жана локалдык жана корпоративдик желелерди уюштуруу боюнча тренингдерде окушту.

Тренингдер БШКнын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП (ПРООН) Долбоору менен Европалык Биримдигинин, Австриянын жана Япониянын Өлкөлөрүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду. Окутууну өткөрүү үчүн көрсөтүлгөн кызматкерлердин категорияларынын маалыматтык-компьютердик технологияларды билүү денгээли анализденип, алардын муктаждыктары кенен иликтенген. Берилген баалардын натыйжаларынын негизинде атайын ишке тартылган эксперт атайын окуу курсун иштеп чыккан.

“Биз, ушул тренингдер БШК кызматкерлерине, айрыкча, жерлерде шайлоочулардын тизмеси боюнча ишти аткара турган системдик администраторлорго шайлоо процессти эффективдүү уюштуруусуна жардам беретко деген ишеничтебиз.”-деп, Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП Долбоорунун координатору Медер Дастанбеков белгилеп айтты.  

Заманбап маалыматтык-компьютердик технологиялар шайлоону уюштуруу процессин абдан жеңилдетет, ушул менен бирге алар процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылат. Бирок, технологиялар – бул инструмент гана, анын ишинин эффективдүүлүгү  аларды пайдаланган адамдарга көз каранды. Ошондуктан, шайлоолор максималдуу таза жана айкын өтүшү үчүн КР БШК кызматкерлеринин ушул чөйрөдөгү потенциалын жогорулатуу абдан зарыл.

БШК төрагасынын орун басары  Гульнара Джурабаева айткандай: “КР БШК аппаратынын ар бир кызматкери таза, ачык-айкын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө өз салымын кошкондуктан,  БШК алардын профессионалдык жактан өсүүшүнө жана потенциалын жогорулашына абдан чоң көңүл бурат”.

Системдик администраторлор, БШКнын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери үчүн тренингдер 2012-жылдын 30-июнунда аяктады, ал эми шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү үчүн тренингдер 16-июлга чейин уланат.

Кыргыз Республикасында шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП (ПРООН) Долбоору 2012-жылдын май айынан тартып, Европалык Биримдигинин, Австриянын, Германиянын, Япониянын Өкмөттөрүнүн, Улуу Британия Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн (DFID), Сорос Фондусунун жана    БУУӨПтүн финансылык жардамы аркылуу ишке ашырылып келүүдө.

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) коомдун бардык денгээлдеги адамдар менен тыгыз байланышта иштейт, каатчылыкка каршы турууга жөндөмдүү улуттарды түзүүгө, ошондой эле ар бир адамдын жашоо сапатын жакшырта турган экономиканын өсүү  денгээлин кармап турууга жана башкарууга  жардам берет. 177 өлкөлөрдүн жана аймактардын жерлеринде бар болуп, жашоого жөндөмдүү улуттарды түзүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга жардам берүү үчүн, биз ааламдык перспективаны жана жергиликтүү өзгөчөлүктүн терең түшүнүгүн сунуштай алабыз. Кошумча маалымат менен www.undp.kg  веб-баракчасынан таанышсаңыздар болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2066). 19 Июля 2012 г.