МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК азиз шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн маалыматтык барактарды жана трафареттерди даярдады

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун (IFES) колдоосу менен Брайл шрифти менен добуш берүү үчүн маалыматтык барактарды жана трафареттерди иштеп чыкты жана даярдады

Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган добуш берүү үчүн маалыматтык барактар жана трафареттер 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо азиз шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Баткен шаарларында колдонулат.

Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген, добуш берүүнү каалаган шайлоочуларга бюллетенде тийиштүү белги менен төп келген белги коюулуучу жылчыктарга белги койо турган атайын трафарет жана Брайл шрифти менен саясий партиялардын аталыштары, ошондой эле добуш берүү үчүн бюллетендеги кезекке коюлган “Бардык талапкерлерге каршы” позициясы коюлган маалыматтык барак  сунушталат.

Маалыматтык барактар жана трафареттер шайлоо участкаларына добуш берүү үчүн бюллетендер менен бирге жиберилген.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1161). 15 Ноября 2012 г.