Ноокат, Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын башчыларын жана 19 айыл аймактарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 17-18 июнунда өткөрүлөт. |
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ош областынын Ноокат, Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларынын башчыларын жана өлкөнүн 19 айылдык аймактарында жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоону 2013-жылдын 17-18 июнунда өткөрүү боюнча токтом кабыл алынды. Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын жана премьер-министрдин укугу бар. Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан сунушталып, айыл кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы. |
Карап чыгуулар: (2125). 28 Июня 2013 г. |