МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК тарабынан ШЭБСтин экинчи фазасы боюнча техтапшырма жактырылды жана эки айылдык аймак боюнча айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

2012-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө маселе көптөгөн талкулоорду жаратты. Анын жыйынтыгы боюнча ШЭБСтин экинчи фазасы боюнча сунушталаган техникалык тапшырманы жактыруу боюнча айрым толуктоолорду киргизүү менен чечим  кабыл алынды. ШЭБСти иштеп чыгуу боюнча биринчи фазасы 2011-жылдын 30-октябрында өткөн КР Президентин шайлоо алдында аткарылган. БШКнын мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган ушул чечимдин алкагында ШЭБС программасынын баштапкы коддорун (системанын баштапкы тексттерин) кабыл алуу боюнча комиссия түзүлдү.

Ошондой эле, КР БШК жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыя айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2012-жылдын 9-августуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Көрсөтүлгөн шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык уюштуруу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.

            Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын жүрүшүндө Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом бекитилди. Бул токтом аталган комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан комиссиялардын курамынан же резервинен өз каалоолору боюнча чыгаруу жөнүндө берген өтүнүч арыздарынын негизинде кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1816). 18 Июля 2012 г.