КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Жапаровдун каттоосун алып салды |
Бүгүн, 2011-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өтөкрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Акылбек Усеновичтен 2011-жылдын 14-октябрында келип түшкөн арызынын негизинде каттосун алып салды. Ушул эле жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Абдылдаев Арстанбектин – 142 кишиси, Исабеков Кубанычбектин– 2 кишиси, Атамбаев Алмазбектин – 7 кишиси, Ташиев Камчыбектин – 9 кишиси ишенимдүү адамдары болуп катталышты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого төмөнкү эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн аккредитациялады: Норвегиялык Хельсинки Комитети , Украинанын Жогорку Радасынын адамдын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү , АКШ Улуттук Демократиялык Эл аралык кызматташуу институту (УДИ), Кыргыз Республикасындагы Ханнс Задель Фондунун өкүлчүлүгү, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу - мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА КМШ), Казахстан Республикасындагы жана Кыргызстан Республикасындагы Бельгиянын элчилиги. Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө 16 эл аралык уюмдан 96 эл аралык байкоочулар аккредиттелинди. Жыйналышта, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2644). 18 Октября 2011 г. |