МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БР БШК шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн шайлоо документтерин бурмалап жасоо же добуштарды туура эмес эсептөө үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 141-беренесинде жазылган. Бул беренеге ылайык шайлоо документтерин бурмалап жасоого же добуштарды атайылап туура эмес эсептөөгө жол беришкен же болбосо шайлоо жыйынтыктарын атайылап туура эмес белгилешкен, добуш берүүнүн жашыруундуулугун же тартибин бузушкан шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү беш жүздөн жети жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып тартуу же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

         Ушундай эле аракеттер шайлоо комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басары, катчысы тарабынан, анын ичинде алдын ала макулдашылып жасалса  бул адамдар   жети жүздөн бир миң эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып тартуу же үчтөн жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

 

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма-сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1804). 28 Октября 2011 г.