МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын Төрагасы Варшавада эл аралык конференциянын ишине катышты.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимов Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар Ассоциациясынын (ЕӨШУА) ар жылдагы эл аралык конференциясынын ишине жана жалпы чогулушуна катышты.

Конференция Польша Республикасынын Варшава шаарында 2013-жылдын 12-сентябрынан 14-сентябрына чейин «Шайлоодогу маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын ролу жана социалдык медиа» темасында өттү. Бул иш-чараны уюштуруучулар Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар Ассоциациясы менен бирдикте Польша Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы болду.

Ассоциациянын жалпы чогулушунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын ушул Ассоциациянын (ЕӨШУА) Институттук мүчөлүгүнө кошуу жөнүндө чечим кабыл алынды. ЕӨШУАнын ассоциацияланган институттук мүчөлөрүнүн курамына Кыргызстандан тышкары дагы 2 уюм (Афганистандын БШКсы жана Азербайжандын көзкарандысыз изилдөө борбору «ELS») кирет.

Ассоциациянын Институттук мүчөлүгүнө дүйнөнүн 22 өлкөсү (Азербайжан, Армения, Беларусь, Венгрия, Грузия, Казакстан, Молдова, Польша, Россия, Словакия, Түркия, Украина ж.б.) кирет. Бул Ассоциациянын бардык мүчөлөрүнүн ичинен Кыргызстан европалык эмес биринчи өлкө болуп саналат, ал шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн эл аралык (европалык) стандарттарына шайкеш келет.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1873). 23 Сентября 2013 г.