МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК Кыргызстандагы айрым шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жумушчу кеңешме өткөрдү

2017-жылдын 28-майында өтүүчү  айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жана ага камылга   көрүү иштерин текшерүү максатында жана шайлоо комиссияларына методикалык жактан жардам берүү боюнча БШК 27-30-апрелде региондогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.

 Жумушчу жыйын Токтогул, Таш-Көмүр, Аксы, Жергетал, Жалал-Абад, Сузак, Көк-Жангак, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Айдаркен, Ак-Талаа, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Беловодск, Кайыңдыда өттү.

Жумушчу жыйындын жүрүшүндө Борборшайлоокомдун төрагасы Н.Шайлдабекова жыйындын катышуучуларын  «Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш-чаралары», анын алкагында шайлоочулардын тизмеси менен иштөө жумушун жана аларды идентификациялоо ишин жакшыртуу боюнча кабыл алынган бир нече нормативдик-укуктук  актылар тууралуу баяндап берди

 БШКнын төрагасы жаңычылдык тууралу айтып берди, эгерде шайлоочунун манжасы идентификацияланбай  калган учурда  шайлоочунун бетинин (жүзүн) биометрикалык параметри боюнча идентификациялоо өтөөрү менен тааныштырды.

 Мындан тышкары жыйындын катышуучулары Автоматтык маалымат тутуму менен таанышты, «Справочник УИК», ага ылайык шайлоочу СМС аркылуу шайлоо участкасынын дареги, номери шайлоочу өзү кирген тизме менен тааныша алат, ошондой эле 119 номерине  чала алат, бул кызматтар акысыз сунушталат.

Жумушчу жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү тарабынан комиссиянын ишин уюштуруу боюнча бир нече сунуштар берилди.

Айталык, Таш-Көмүрдөгү жолугушууда жыйындын катышуучулары бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында чакыруу баракчаларын даярдоо жана таркатуудан баш тартып, заманбап маалымат технологиясын колдонуп, шайлоочуларды добуш берүү күнү жана орду тууралуу  кабардар кылуу сунушу айтылды.

 Ал эми Аксы районундагы  Кербен шаарындагы жолугушууда, жыйындын катышуучулары шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн профессионалдык деңгээлин көтөрүүгө шарт түзүү максатында аймактык жана участкалык комиссиялардын тутумун эки жылдан беш жылга чейин узартуу сунушун кароону айтышты.

Ноокат жана Айдаркендеги жолугушууда турмушка чыгып, аталган райондо жашаган келиндердин  шайлоого катышуусун камсыз кылуу айтылды.  Алар мурункудай эле ата энесинин үйүндө каттоодо турушат. Мындай категориядагы жарандар тууралуу өзүнчү иш алып баруу чечилди.

Жыйындын катышуучуларына 2-майдан баштап  республиканын бардык калкты тейлөө борборлорунда, паспорт-виза каттоо бөлүмдөрүндө – жаңы биометрикалык паспортторду акысыз берүү иштери башталаары маалымдалды.

Ноокат районундагы жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүсүнө жардам берүү үчүн  БШКнын  жумушчу тобун жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларынын жергиликтүү кеңештерге шайланбай калышынан улам, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган Жергетал, Жалал-Абад жана Айдаркенде, комиссия мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталды,  Анда жергилктүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо аларга болгон критерийлерди күчтүү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун башчысын шайлоону үзүлтүккө учураткандыгы үчүн депутаттардын персоналдык жоопкерчилигин кароо маселеси камтылды.

 Ошондой эле БШК  Жалал-Абад АИКнин жаңы тутуму менен жолугуп, АИКтин мүчөлөрүн алдыдагы депутаттарды шайлоодо  мыйзамдуу, таза жана ачык шайлоону өткөрүүгө чакырды.

Бардык жолугушууларда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурунда шайлоочунун манжалары боюнча идентификация өтпөгөн учурда, анын бетинин биометрикалык идентификациясы боюнча өтөөрү тууралуу маалымат берилди.

 БШКнын төрагасы Кыргызстандын региондорундагы өткөн жолугушууда бардык катышуучуларга кайрылып, комиссиянын тутумуна өткөн шайлоолорду  жакшы уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.  Анын айткандарына караганда, шайлоо процессин уюштуруп өткөрүүдө  аймактык шайлоо комиссияларына оор, жооптуу иш тагылаарын жана алар бир гана шайлоочулар менен иштебестен, саясий партиялардын талапкерлери менен да тыгыз иштөөнү тапшырды, алар талапкерлерди каттоодон  процессинен тартып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин иштешет.

Бул процесстеги эң башкы талап-шайлоонун бардык катышуучуларына  тегиз жана нейтралдуу мамиле кылуу керек.  

 

БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1749). 6 Мая 2017 г.