![]() Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ОШ, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн окуу семинарларын өткөрүүдө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча атайын өкүлдөрдүн жана тутумдук администраторлордун административдик мамлекеттик кызматтарынын бош орундарын толуктоо сынагынын аяктагандыгына байланыштуу, ошондой эле, алардын квалификацияларын жогорулатуу максатында Борбордук Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы окутуу семинарын баштады. Окутуу семинары ушул жылдын 13-15 июнда Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Окутуу программасында Кыргызстандын шайлоо иштеринин укуктук негиздери, Борбордук шайлоо комиссияларынын аймактык атайын өкүлдөрүнүн жана тутумдук администраторлорунун ишин уюштурууну жакшыртуу жана алардын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты менен өз ара аракеттешүүсүнүн таасирдүүлүгүн арттыруу камтылган. Окутуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин күчү менен өткөрүлөт. Семинарга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы катышат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1626). 10 Июня 2013 г. |