МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК: Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ар бир шайлоо участкасында ден соолугу чектелген адамдарга талап кылынган картасын түзүү зарыл

2017-жылдын 28-майында өтүүчү  айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жана ага камылга   көрүү иштерин текшерүү максатында, шайлоо комиссияларына методикалык жактан жардам берүү боюнча БШК 27-30-апрелде региондогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.

 Жумушчу жыйында анын катышуучуларынын көңүлү ден соолугу жактан чектелген жарандардын шайлоо укуктарын практика жүзүндө турмушка ашыруунун  маанилүүлүгүнө бурулду.

 Жумушчу кыдыруунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н К Шайлдабекова дагы ден соолугу чектелген жарандардын шайлоо укугун камсыз кылып турмушка ашыруу боюнча маанилүү маселелерди Ош,Жалал-Абад,Баткен облустары координаторлор, майыптардын “Сезим” коомдук фондусунун директору Камилжан Майнаев менен талкуулады.

 Аталган маселени талкуулоонун жыйынтыгында Борборшайлоокомдун башчысы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ден соолугу чектелген жарандардын талап кылуу картасын түзүү, анын натыйжасында ар бир шайлоо участкасында алардын шайлоо укугун камсыз кылуу, анын жыйынтыгында алар добуш берүүгө толук кандуу катышып, мамлекет башчысын шайлоого бардык жарандар сыяктуу эле шайлоо участкаларына барып добуш берүүсүн камсыз кылууга чакырды.

 

 БШКнын басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (1046). 6 Мая 2017 г.