МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК: саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери” темасында кириш семинар болуп өттү

2017-жылдын 18-майында, “Орион” мейманканасында саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери” темасында кириш семинар болуп өттү.

Семинар КР БШКсы тарабынан Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Эл аралык шайлоо системасы фондунун ( КРдагы IFES) өкүлчүлүгүнүн, Европа кеңешинин Борбор Азиядагы Венециялык комиссиясынын, Эл аралык республикалык институтунун (IRI) колдоосунда өттү.  

Куттуктоо  сөзүндө Боршайкомдун төрагасы Н.Шайлдабекова бу маанилүү иш-чараны уюштурууда натыйжалуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында  саясий партиялар үчүн бул семинардын заманбаптыгын, актуалдуулугун, жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Саясий партиялардын өкүлдөрүнө, семинардын катышуучуларына кайрылып, КР БШК төрагасы шайлоо системасын реформалоо, таза, эркин, демократиялык шайлоолорду жана ар бир шайлоочунун добушун так эсепке алууга шарт түзгөндүгүн айтты.  Ошондой эле БШК төрагасы саясий партияларды алдыдагы КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө таза атаандаштыкты алып барып, мамлекеттеги туруктуулукту, демократиянын чыңдалышын илгерилетүүгө жана ар бир шайлоочуга өздөрүнүн талапкерлери тууралуу маалыматты  жеткирүүгө чакырды.   

Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлү Никола Скарамуццо, семинардын катышуучуларын, Кыргыз Республикасы менен (КР) Европа биримдигинин (ЕБ)  ортосундагы “Демократияны шайлоо системасы аркылуу чыңдоо” финансы келишиминин алкагында ЕБ макулдашылган индикаторлорго ылайык, КРга бюджеттик колдоолорду көрсөтүп жаткандыгын жана макулдашуунун негизги максаты калктын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын Кыргызстандагы шайлоо системасына ишенимин көтөрүү болуп санала тургандыгын маалымдады. “Биз бул макулдашуунун алкагында өнөктөштөр тарабынан жасалган көптөгөн реалдуу, интенсивдүү жана натыйжалуу иштерди көрүп жатабыз”,- деп белгиледи Никола Скарамуццо.

КРдагы IFESтин өкүлү Александр Орехов өзүнүн куттуктоо сөзүндө  саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү, шайлоо процессинин катышуучуларын окутуу маселелери боюнча  КР БШКсы менен көп жылдардан берки техникалык кызматташууну белгилеп, бул семинар саясий партиялардын шайлоо процесстерине, анын ичинде алдыдагы КР Президентин шайлоого катышуу эрежелерин бирдей түшүнүп жана колдонуусуна түрткү берээрине ишеним артаарын билдирди.

Европа биримдигинин Венеция комиссиясынын өкүлү Светлана Анисимова семинардын катышуучуларына кайрылып, “эркин шайлоолор жана саясий партияларга эркин биригүү ар кандай демократиянын алкагында тыгыз байланыштуу, анткени саясий партиялар саясий бийликке эркин жана таза шайлоолор аркылуу жетүү үчүн күрөшөт”,- деп белгиледи жана катышуучуларды аларды кызыктырган суроолорду берүүгө жана  ачык талаш-тартыштарга жигердүү катышууга чакырды. 

Семинарда бет ачар жана баяндамалар менен КР БШК мүчөсү Г.К.Журабаева, IFES програмасынын менеджери Александр Орехов, Молдова Республикасынын мурдагы юстиция министри, Европа Биримдигинин Венеция комиссиясынын эксперти Владимир Гросу, IRI программасынын директору Канат Жолдошов, Европа Биримдигинин Венеция комиссиясындагы эксперти Сергей Кальченко чыгып сүйлөштү.

Семинардын катышуучулары КР БШКнын мүчөлөрү жана эл аралык эксперттер менен бирдикте КР Президентинин кызматына көрсөтүү, каттоо тартиптерин, шайлоо фондунун негиздерин, Кыргыз Республикасында шайлоонун талаш-тартыштарын кароонун тартибин жана шайлоо өнөктүгүндө президенттикке талапкерлерди каржылоону жөнгө салуунун эл аралык салыштырууларын, Европа Биримдигинин саясий партиялардын шайлоого катышуу жаатындагы стандарттарын талкуулашты.       

 

БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү

   



Карап чыгуулар: (1190). 19 Мая 2017 г.