Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мүчө болуп кирген ШОДА шайлоо өткөрүү жаатында билим, маалымат жана тажрыйба алмашуу жана билими, кесиптик даярдыгы аркылуу шайлоо процессин башкарууга катышкан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында бүткүл дүйнөдөгү шайлоо органдарынын ортосунда байланыш тарамын түзүүнүн үстүндө иш алып барат.
КР БШК менен биргеликте 90 өлкөнүн 94 шайлоо уюмдары ШОДАнын мүчөлүгүнө киришти.
ШОДАнын анугурациялык ассамблеясы 14-октябрда, ал эми ШМДУ 2013-жылдын 15-17-октябрында Корея Республикасыын Инчон шаарында (Түштүк Корея), “Туруктуу шайлоо процесс, күчөтүлгөн демократия” деген темада өттү.
Аталган иш-чараны Бириккен Улуттар Уюумунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) жана Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясы уюштурду. Инчон шаарынын мэриясы жана Корея Республикасынын Туризм министрлиги негизги демөөрчүлөрү болушту
Конференцияга дүйнөнүн 110 өлкөсү чакырылган, анын ичинен конференциянын ишине 98 өлкөнүн делегаттары катышты.
ШМДУ эл аралык конференциясы шайлоо маселелери боюнча адистер үчүн жетектөөчү эл аралык форум болуп саналат жана байланыштарды жөнгө салуу жана маалымат менен алмашуу максатын өз алдына коет. Үч күндүн ичинде делегаттар шайлоонун ачыктыгын камсыз кылууну, потенциалды жогорулатууну жана шайлоону өткөрүү менен иштеген кызмат адамдардын кесипкөйлүгүн жогорулатууну, ошондой эле шайлоо процесстин чыымдарын натыйжалуулугуна көмөк көрсөтүүнү кошуп, шайлоо процесстин ар түрдүү аспекттерин карап, талкулашты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|