БР БШК шайлоочу-аскер кызматчыларынын добуш берүү тартибин бекитти |
Бүгүн, 2011-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден 2011-жылдын 10-октябрында түшкөн билдирүү каралып, катталган талапкердин ишенимдүү адамы Солтонбекова Алиса Карыпбековнанын ыйгарымдары токтотулду. КР БШКнын мүчөлөрү ушул эле жыйында шайлоочу-аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскердик бөлүктүн карамагындагы аймакта жашаган башка шайлоочулардын добуш берүү тартибин толуктоолор менен бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2403). 11 Октября 2011 г. |