КР БШК шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитти |
Бүгүн, 2011-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Камчыбек Ташиевден -77 адам, Марат Иманкуловдон-57 адам, Алмазбек Атамбаевден-11 адам Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ишенимдүү адамы болуп катталышты. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезегин аныктоо боюнча чучукулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитишти. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамдын 7-беренесинин 2,15-бөлүктөрүнө ылайык өзүнүн токтому менен: Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрындагы шайлоодогу шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын, “Учкун” ААК басмаканасында шайлоо бюллетендерин басып чыгаруунун тартибин, шайлоо бюллетендерин даярдоо мезгилинде “Учкун” ААК басмаканасында БШК мүчөлөрүнүн жана аппарат кызматкерлеринин күзмөт графигин, шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААК басмаканасында 2011-жылдын 10-октябрынан 19-октябрына чейин басып чыгарууга чейин “Учкун” ААКнын офсеттик цехинин ишинин өзгөчө режимин, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо документтерин жеткирүүнүн тартибин бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2777). 10 Октября 2011 г. |