![]() КР БШК 2013-жылдын 30-октябрына дайындалган Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону убактылуу токтотту |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 30-октябрына дайындалган Чүй облусундагы Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону, буга чейин аталган кызмат ордун ээлеген З.М. Баялиевден келип түшкөн арыздын негизинде убактылуу токтотту. З.М. Баялиев кызматынан 2013-жылдын 13-сентябрында, Чүй районунун акимимнин буюрмасынын негизинде четтетилген. КР БШК 2013-жылдын 16-октябрында өзүнүн токтому менен Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 30-октябрга дайындаган. 2013-жылдын 18-октябрында Чүй райондук сот мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысынын, райондун акиминин буюрмасын жокко чыгаруу жана аны кызмат ордуна кайра калыбына келтирүү арызын кароого алды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1588). 22 Октября 2013 г. |