МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, азасын теӊ бөлүшөбүз

АЛЫКУЛОВ

Тыныбек Маматжанович

Алыкулов Тыныбек Маматжанович 1959-жылдын 25-мартында Жалал-Абад областынынын Тогуз-Торо районундагы Совет айылында жарык дүйнөгө келген. Ал К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда билим алып, өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы «Ош мелиорация жана суу чарба» трестинин Ленин атындагы ПМКсында техник-геодезист кызматынан баштап башкы инженер кызматына чейин жеткен. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланып, депутаттар бир добуштан аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жай, куруу, транспорт, энергетика жана байланыш маселелери боюнча комитетинин төрагасы кылып шайлашкан.

1998-жылы Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп дайындалган, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө  жана жаратылышты пайдалануу департаментинин жетекчиси болуп иштеген.

2003-жылы Чүй облусунун бассейндик суу чарба башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына которулган. 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик иш башкармалыгынын «Курулуп жаткан мекемелердин мамлекеттик дирекциясы» мамлекеттик мекемесинин директору, 2011-жылы «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКнын директорлор кеӊешинин төрагасы болуп эмгектенген. 2013-жылдан тартып ушул күнгө чейин Тыныбек Маматжанович КР БШКнын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү болуп иштеп келе жаткан.

Тыныбек Маматжанович кайсы тармакта эмгектенбесин кыргызстандыктар үчүн жогорку деӊгээлдеги адис, жетекчи катары эстеринде калды. Ал өзүнүн коллегаларынын, шайлоочуларынын жана эл арасында сый-урматка жеткен, тажрыйбалуу башкаруучу экенин көрсөттү.

Алыкулов Тыныбек Маматжановичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, азасын теӊ бөлүшөбүз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. 

Т.Д. Абдраимов, А.Т. Шайымкулова, Г.К. Джурабаева, Ж.А. Акматов, А.Т. Асаналиев, Н.А. Ашимов, Г.М. Баатырова, Ж.Б. Бапанова, А.Ж. Баялинов, Р.Б. Бекбасаров, А.Р. Жолбунов, М.А. Токтоболотов, Н.Н. Давкина, М.И. Аргымбаев жана БШКнын аппарат кызматкерлери

 

Карап чыгуулар: (1330). 30 Марта 2016 г.