МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна 20 талапкерди каттады

Бүгүн, 2011-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.Ш.Атамбаевди, А.У.Жапаровду, Ж.К. Токтогазиевди, С.С. Дыйкановду, А.Т. Каримовду мамлекеттик тилди билет деп БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жөнүндө”  тийиштүү Жобо менен  бекитишти.  

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 – главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн А.У.Жапаровду, С.С.Дыйкановду, Ж.К.Токтогазиевди, А.Т.Каримовду жана “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – А.Ш.Атамбаевди, “Эл үчүн” саясий партиясынан – А.Б.Абдылдаевди каттады.

КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүн тапшырды.

Ушул эле жыйналышта, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин  7- бөлүгүнүн 2- пунктуна,  52-беренесинин  9- бөлүгүнө ылайык,“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин              1- бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Дыйканову Салморбеку Карбозовичке жана Турсунбай Бакир уулуна,Колубаев Торобайга Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерликке колдоодогу шайлоочулардын так колтамгаларынын жетишсиз санын бергендигине  байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартты

Мындан тышкары, улуттук мыйзамдарга ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин алып салуу жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке ниетин билдирген Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти каттоо процедурасы токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча рефрендум өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн  демилгечи топ тарабынан берилген материалдар дагы каралды. Кыргыз Республикасынын Жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча рефрендум өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн  “Кыргыз элинин биримдиги” АК демилгечи тобунун берген катын кайра чакыртып алуусуна  байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы көрсөтүлгөн материалдарды кароону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

2011-жылдын 24-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 20 талапкерди каттады.

Өзүн өзү көрсөткөндөр:

  1. Кубатбек Байболов ;
  2. Марат Султанов;
  3. Роман – Оморов;
  4. Омурбек Суваналиев;
  5. Курманбек Осмонов;
  6.  Алмамбет Матубраимов;
  7. Марат Иманкулов;
  8. Кубанычбек Исабеков;
  9. Акылбек  Жапаров;
  10. Жумабек Токтогазиев;
  11. Сооронбай Дыйканов;
  12.  Алмаз Каримов

Саясий партиялардан:

  1. Камчыбек Ташиев – («Ата-Журт» Мекенчил партиясы»);
  2. Адахан Мадумаров - («Бүтүн Кыргызстан»);
  3. Темирбек Асанбеков -  («МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ»);
  4. Анарбек Калматов – («Ар-Намыс» (Партия достоинства));
  5. Шамшыбек Медетбеков – («Эл бийлиги» («Народовластие»));
  6. Исхак Масалиев - (“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы»);
  7. Арстанбек Абдылдаев - («Эл үчүн» («За народ»));
  8. Алмазбек Атамбаев – (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”).

            2011–жылдын 25 -сентябрында талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29–октябрында аяктайт.

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2203). 24 Сентября 2011 г.