Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү кеңештерине шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 26-майында өткөн «Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтомду кабыл алды жана шайлоону өттү деп тапты. Кайра шайлоо «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 15-апрелиндеги Жарлыгына ылайык Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин Токтогул шайлоо округу, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин Биймырза шайлоо округу, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу жана Жоош айылдык кеңешинин Мамажан шайлоо округу боюнча өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана аймактык шайлоо комиссияларына Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1580). 4 Июня 2013 г. |