БШК Пригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин даттануусун канааттандыруудан баш тартты |
18-декабрда БШК жыйынында №1 шайлоо округу боюнчаПригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин (Жолдошев М., Балыкозова Э., Айдарова Г., Омуралиев Ж., Кудиева Г., Исаева Г., Нокоева Г.) 2016-жылдын15-декабрындагыдаттануусункарады. Даттануу ээлери Аламүдүн районунун аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - ААШК) №1 шайлоо округу(№7159 УШК) боюнча Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табуу тууралуу 2016-жылдын 14-декабрындагы№28 чечимине өздөрүнүн макул эместигин билдиришкен. ААШКнын 2016-жылдын 14-декабрындагы жыйынынын №28 протоколуна ылайык ААШК№7159шайлоо участогундадобуш берүүпроцессиндедобуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этүүчү шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу орун алган деген тыянакка келген. Маселен, МККнын операторлорунун жыйынтык отчётуна ылайыкдобуш берүүгө 1039 шайлоочу катышкан, ал эми АЭУнун жыйынтык отчёту боюнча урнага 1059 бюллетень салынган. Ошентип, шайлоочуларгабюллетендер мыйзамдарды бузуу менен берилгени аныкталган. Даттанууну кароонун жыйынтыгында ААШК №1 шайлоо округу (№7159 УШК) боюнча Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табуу, ошондой эле мыйзам бузууларга жол бергени үчүн №7159 УШКны таркатуужөнүндө чечимкабыл алган. 2016-жылдын 15-декабрындагы даттануусундаПригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерААШКнын 2016-жылдын 14-декабрындагы №28 чечиминин легитимсиздиги тууралуу кандайдыр-бир жүйөөлөрдү же далилдерди келтирбегени үчүн БШКнын Жумушчу тобу ААШКнын жогоруда аталган чечимин жокко чыгаруу үчүн негиз тапкан жок. БШК Пригородный айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
КР БШК басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1215). 19 Декабря 2016 г. |