БШК Жалал-Абад АШКнын чечимдерин жокко чыгарды |
Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы №7, 2014-жылдын 25-январындагы №9 чечимдерин жокко чыгарды. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы №7, 2014-жылдын 25-январындагы 9-чечимдерин кабыл алууда «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде белгиленген талаптары бузулган жана АШКнын ыйгарым укугуна кирбеген маселени кароо негизсиз болгон. АШК “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын саясий кеңешинин 2013-жылдын 6-декабрындагы “партиянын тизмеси менен өткөн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары А.Ш.Осмонованын жана А.А.Тагаевдин депутаттык мандаттарын чакыртып алуу жөнүндөгү” №8-чечимин талкуулоо эмес, бош калган мандатты “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге ыйгаруу болчу. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2141). 31 Января 2014 г. |