БШК саясий партияларга “Шайлоо” МАС маалыматтарын талдоо жүргүзүүнү сунуш кылды |
Участкалык шайлоо комиссияларынан алынган протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарынын “Шайлоо” (МАС) Мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматтары менен кээ бир шайкеш келишпестикке байланыштуу саясий партиялардан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтарды талдоо жүргүзүүнү чечти. Бул максатта, бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси боюнча БШК мүчөлөрүнүн 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга аларда болгон протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүүнү сунуш кылды. Саясий партиялардын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча алар БШКга шайлоо комиссияларынан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөсүн беришет.
Протоколдордун көчүрмөлөрүн алган соң, Борбордук шайлоо комиссиясы бул протоколдорго киргизилген маалыматтарды “Шайлоо” МАСтын маалыматтары менен салыштырууну жүргүзөт. Мында, БШК партиялардын жана шайлоочулардын көңүлүн БШКга берилген протоколдордун көчүрмөлөрү тийиштүү түрдө таризделиши керектигине бурат. Тактап айтканда, саясий партиялар БШКга аларга участкалык шайлоо комиссиялары берген, алардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдордун көчүрмөлөрүн берет. Бул протоколдорго өз кезегинде тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колтамгасы коюлушу жана бул шайлоо комиссияларынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы, протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАС маалыматтары менен салыштыруу боюнча аракеттер колдонуудагы мыйзамдарда каралган эместигин жана бул БШКнын демилгеси боюнча гана “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтардын участкалык шайлоо комиссияларында саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилген маалыматтар менен шайкеш эместиги боюнча себептерин аныктоо максатында бул маалыматтарды талдоо үчүн жүргүзүлөөрүн белгилейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү жана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар “Шайлоо” МАСга шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн киргизилээрин жана бул маалыматтардын юридикалык күчү жок экендигин эске салат. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун расмий натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бардык облустук шайлоо комиссияларынан (Бишкек, Ош шаарлары) алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору иштетүүдөн өткөндөн кийин гана аныкталат.
Протоколдордун көчүрмөлөрү коштоочу кат менен БШКнын имаратында 407-бөлмөдө саат 9. 00дөн тартып 20.00 го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефон: (312) 664862
|
Карап чыгуулар: (2468). 15 Октября 2010 г. |