![]() БШКда Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын талапкерлерин киргизүү боюнча чучу кулак өткөрүлдү |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 8-июнундагы 7-токтому менен кабыл алынган документке ылайык Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму 12 мүчөдөн турат. Комиссиянын тутумуна жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн алты жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн алты мүчө киргизилмекчи. 2017-жылдын 17-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерин жана тутумун толуктоо боюнча жумушчу топтун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын талапкерлерин киргизүү боюнча чучу кулак өткөрүлдү. Чучу кулактын жыйынтыгы менен документтерин тапшырган жети партиянын ичинен алты партиянын өкүлдөрү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиянын тутумуна киргизилди. Алар «Мекеним Кыргызстан», «ӨнүгүүКыргызстан», « Туран», «КСДП», «Замандаш», «Бир Бол» партиялары. Ал эми «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү резервке калтырылды. Аталган иш чарага БШКнын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматов, БШКнын мүчөсү А. Эшимов, комиссиянын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысыА. Н. Омуралиев катышты.
БШКнын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1037). 18 Апреля 2017 г. |