МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү менен жолугушуу өткөрдү

21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) имаратында  КР БШКнын, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (КР МКК), Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн жана Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин ортосунда жолугушуу өттү. ЖолугушууЕвропа тараптын өтүнүчү боюнча уюштурулду.

2015-жылы ЕБ менен КР ортосунда “Шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо – секторду реформалоо боюнча грант” деген макулдашууга кол коюлган. Жолугушууда КР БШК мененКР МККнын контракттын экинчи траншы боюнча индикаторлорго тиешелүү пландарына байланыштуу маселелер талкууланды.

КР БШКаталган макулдашуунун алкагында аткарылган иштер, маселен, добуштарды сатып алуу үчүн жазаны күчөтүүгө, участоктук жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн финансылык жактан камсыздоого, жергиликтүү кеңештерде жана Жогорку Кеңеште гендердик квоталарга байланыштуу ж.б. бир катармыйзам демилгелери тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге, КР БШКжанаКР МККжергиликтүү кеңештерге шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү, өлкөдө шайлоо тутумун реформалоо боюнча мындан аркы иштерди кошо алгандагы келечекке пландарды белгилешти.

Европалык өнөктөштөр өз кезегинде кыргызстандык тараптынЕБ менен КРдын контрактында көрсөтүлгөн  индикаторлорду аткаруудагы күч-аракеттерине баа беришти жана мындан ары дагы жемиштүү кызматташууга толук даярдыгын билдиришти. Кезектеги жолугушуу Байкоочу комитеттин алкагында “Шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо”программасы боюнчажаңы жылдын баш жагында өтөт.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1321). 22 Ноября 2016 г.