![]() БШК эл аралык өнөктөштөр ПРООН, ЕККУ жана IFES менен координациялык жолугушуу өткөрдү |
11-майда БШКда эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өттү. Анда алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланышкан кызматташуу тууралуу иш пландары менен бөлүшүү болду. БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова колдоо көрсөткөндүгү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо реформасын алдыга жылдырууда ар тараптуу, конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди. "Борбордук шайлоо комиссиясы ушул этапта эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү жардамы менен шайлоонун бардык тармагында көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерге жетишти. ПРООН, ЕККУ, Европа Союзу, Японии өкмөтү, Швейцарии, Корея республикасы, Дания, Индия, ошондой эле эл аралык уюмдар KOICA, JICA, USAID, IFES жана башка бир катар эл аралык уюмдар ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө"-деди БШКнын төрагасы.
КР БШКнын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (908). 12 Мая 2017 г. |