МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК шайлоо процессин өркүндөтүү маселеси боюнча жана добуштарды автоматтык түрдө саноо (АСУ жана сервер) тууралуу коомдук диалог өткөрөт

 

БШК шайлоо тутумун реформалоого байланышкан суроолорду талкуулоо боюнча такай иштей турган коомдук эксперттик-консультативдик платформа уюштуруп жатат. Мунун негизги максаты-илимий негиздеги эксперттик негиздөөлөргө таянган шайлоо реформасындагы эң маанилүү маселелерди талкуулоого шарт тузуу болуп саналат.  

Бүгүн 2017-жылы 21-апрелде аталган платформанын алкагында «Кыргыз Республикасында шайлоо процессинин реформалоонун жүрүшү жана алдыдагы келечектери» темасында, Эл аралык шайлоо тутуму фондунун IFES колдоосу менен биринчи коомдук диалог өткөрүүдө. 

Платформанын ишине мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо мыйзамдуулугу тармагындагы эксперттер менен окумуштуулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып отурат.

Иш чарада шайлоону өткөрүү органы катары, ошондой эле шайлоо процессин уюштурууну жакшыртуу, анын ичинде 2016-жылкы шайлоо учурунда кетирилген катачылыктарды жөнгө салуу боюнча БШКнын Стратегиялык планынын бет ачары өтөт.

Диалогдун катышуучуларына автоматтык эсептөө урнасынын (АЭУ, МШС) жана маалыматтык шайлоо системасынын иштөө тартиби, ошондой эле шайлоо участокторунан эсептерди чогултуп борбордук серверге жөнөтүү, аларды шайлоо сайтына жайгаштыруу дыкат көрсөтүлөт.

Биринчи дискуссиялык теманын өзөгү болуп- шайлоо мыйзамдуулугунун өзгөртүү өткөн шайлоо компанияларынын жыйынтыгында иштелип чыккан маселелер эсептелет.

Ачык жана таза атаандаштыктын жана чындыктын негизинде өткөн шайлоо процесси-кандай гана демократия болбосун анын бекем пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан шайлоо системасын реформалоо демократиянын туруктуу кадамы гана болбостон, элдин ишениминин тиреги жана өлкөдөгү туруктуулуктун өбөлгөсү да болмокчу

Бул иштин башталышы гана. Боршайком шайлоо процесин жакшыртуу боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан ушуга окшогон диалогдорду, жыйындарды тактай өткөрүүнү пландап жатат.

БШКнын басма сөз кызматыБШК шайлоо тутумун реформалоого байланышкан суроолорду талкуулоо боюнча такай иштей турган коомдук эксперттик-консультативдик платформа уюштуруп жатат. Мунун негизги максаты-илимий негиздеги эксперттик негиздөөлөргө таянган шайлоо реформасындагы эң маанилүү маселелерди талкуулоого шарт тузуу болуп саналат.

БШК шайлоо тутумун реформалоого байланышкан суроолорду талкуулоо боюнча такай иштей турган коомдук эксперттик-консультативдик платформа уюштуруп жатат. Мунун негизги максаты-илимий негиздеги эксперттик негиздөөлөргө таянган шайлоо реформасындагы эң маанилуу маселелерди талкуулоого шарт түзүү болуп саналат.

Бүгүн 2017-жылы 21-апрелде аталган платформанын алкагында «Кыргыз Республикасында шайлоо процессинин реформалоонун жүрүшү жана алдыдагы келечектери» темасында, Эл аралык шайлоо тутуму фондунун IFES колдоосу менен биринчи коомдук диалог өткөрүүдө.

Платформанын ишине мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо мыйзамдуулугу тармагындагы эксперттер менен окумуштуулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып отурат.

Иш чарада шайлоону өткөрүү органы катары, ошондой эле шайлоо процессин уюштурууну жакшыртуу, анын ичинде 2016-жылкы шайлоо учурунда кетирилген катачылыктарды жөнгө салуу боюнча БШКнын Стратегиялык планынын бет ачары өтөт.

Диалогдун катышуучуларына автоматтык эсептөө урнасынын (АЭУ, МШС) жана маалыматтык шайлоо системасынын иштөө тартиби, ошондой эле шайлоо участокторунан эсептерди чогултуп борбордук серверге жөнөтүү, аларды шайлоо сайтына жайгаштыруу дыкат көрсөтүлөт.

Биринчи дискуссиялык теманын өзөгү болуп- шайлоо мыйзамдуулугунун өзгөртүү өткөн шайлоо компанияларынын жыйынтыгында иштелип чыккан маселелер эсептелет.

Ачык жана таза атаандаштыктын жана чындыктын негизинде өткөн шайлоо процесси-кандай гана демократия болбосун анын бекем пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан шайлоо системасын реформалоо демократиянын туруктуу кадамы гана болбостон, элдин ишениминин тиреги жана өлкөдөгү туруктуулуктун өбөлгөсү да болмокчу

Бул иштин башталышы гана. Боршайком шайлоо процесин жакшыртуу боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан ушуга окшогон диалогдорду, жыйындарды тактай өткөрүүнү пландап жатат.

БШКнын басма сөз кызматы

 







Карап чыгуулар: (1060). 21 Апреля 2017 г.